Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 64 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы „Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-05-17.
КР Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы ПЖ № 186 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 30-марты ПЖ № 64 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын штаттык санынын чеги 266 бирдик;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чеги 1585,5 бирдик.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жободо:
19-пунктта: 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) Иш башкармасы жөнүндө жобону, Иш башкармасынын жана анын ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;"; 12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12) ведомстволук уюмдардын, анын ичинде ведомстволук мекемелердин алар үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин Иш башкармасы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген)Положение · 13.05.2011 · № 111