# КР Президентинин 2017-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 255 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 255 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10388/edition/872038/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 255 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгы (13.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900238

---

КР Президентинин 2018-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 13-ноябры ПЖ № 255 Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан Ч.А.Турсунбеков, С.Ш.Жээнбеков, О.Т.Бабанов, О.М.Панкратов, Т.К.Джумакадыров, Т.С.Абдыгулов, А.О.Кожошев, Руслан Акматбек чыгарылсын;

- курамга Джумабеков Дастанбек Артисбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Усенов Алмазбек Туратбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; Курманалиев Алмазбек Абдиназарович - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Кулматов Кубанычбек Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын экономика министри; Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Улуттук кеңештин катчысы болуп киргизилсин;

- "Исаков Сапар Джумакадырович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген позициядагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
