# КР Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10381/edition/871421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 17-майындагы ПЖ № 123 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (17.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900229

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2018-жылдын 17-майы ПЖ № 123 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 31-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасында нефтини жана жаратылыш газын казып алууну арттыруу жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы № 7 "Ысыккөл, Соңкөл көлдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын башка көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-декабрындагы № 460 "Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Президент

С. Жээнбеков
