# КР Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 274
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10374/edition/871724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" жарлыгы (22.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900222

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 22-ноябры № 274 Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө (КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
