# КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10373/edition/1099151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгы (07.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900221

---

КР Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 134 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 16-январы ПЖ № 4 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө (КР Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы ПЖ № 63, 2020-жылдын 13-январындагы ПЖ № 3 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүүгө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгынын 2, 4-6-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 4-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.

4. Бул Жарлык 2018-жылдын 9-февралынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ТҮЗҮМҮ (КР Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы ПЖ № 3 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
