# КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10370/edition/1083617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 67 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жарлыгы (10.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900218

---

КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 4-апрели ПЖ № 67 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пункттагы "Коргоо кеңешинин" деген сөздөр "Коопсуздук кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө Жободо:

бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Коргоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пунктчалар менен толукталсын: "4-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тизмесин жана күзөтүү эрежелерин аныктаган мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди күзөтүү; 4-2) Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен күзөтүлүүчү объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;"; 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-1 жана 15-2-пунктчалар менен толукталсын: "15-1) чет мамлекеттердин башчыларын тосуп алууда жана жөнөтүүдө, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунда ардак кароол кызматын өтөө; 15-2) протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө азем жөрөлгөлөрүн аткарууга катышуу;"; 9-пункттун биринчи абзацындагы "3 орун басары" деген сөздөр "2 орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10-пунктта: 7-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын жана анын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиясынын командачыларынын кызмат орундарына дайындоого талапкерлерди, ошондой эле аларды ээлеген кызматтарынан бошотууга сунуштамаларды;"; төмөнкүдөй мазмундагы 30-1-пунктча менен толукталсын: "30-1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кошундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ички аудитинин пландарын бекитет;";

- жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 104 Жарлыгынын 1-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын башкаруунун СХЕМАСЫ
