# КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10369/edition/870445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (31.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900217

---

КР Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 31-марты ПЖ № 65 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-декабрындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы, преамбуласындагы ар кандай жөндөмөдөгү "коргоо Кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгынын түзүмү жана штаттык саны күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө Жободо:

аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "коргоо Кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Коопсуздук кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүүлөрүн жана ишин координациялоону камсыз кылуу;"; 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "8. Коопсуздук кеңешинин катчысынын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу орун басарлары болот.". 10-пункттун үчүнчү абзацындагы "Башкы штабы" деген сөздөр "Генералдык штабы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
