# КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10364/edition/868802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (24.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900212

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 24-августу ПЖ № 188 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системага салуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 14-ноябрындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясы жөнүндө" Жарлыгынын 1-2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 31-декабрындагы № 401 "Кыргыз Республикасынын ички аскерлери жөнүндө" Указынын 1-пунктунун экинчи абзацы, 2-8-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы № 200 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 27-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын түзүү жөнүндө" Указынын 2-6-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 25-октябрындагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү чаралары" жөнүндөгү Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги № 124 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө" Указынын 2-3-пункттары.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
