Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы айылдык округдардын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июнундагы № 346 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы айылдык округдардын калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы айылдык округдардын аймагында жайгашкан айыл тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Нарын облусунун Нарын районундагы Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 440,5 га жерин тиркемеге ылайык калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер участокторго укуктарды берүүнү жана аларды бөлүүнү шаар куруу документтери белгиленген тартипте бекитилгенден кийин жүргүзүү сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И. Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 346 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы айылдык округдардын аймагында жайгашкан калктуу конуштардын аймактарын кенейтүү үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулуучу жерлердин аянты
№ п/п
Айылдык округдун аталышы
Бардык аянт, га
Анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери
Жайыт,га
Башка жерлер,га
сугат айдоо
Көп жылдык өсүмдүктөр
аңыздар
1
2
3
4
5
6
7
8
1
Дөбөлү
58,9
20,7
8,4
9,7
20,1
2
Жан-Бу- лак
17,6
17,6
3
Жерге-Тал
64,6
64,6
4
Кара-Ку- жур
25,0
25,0
5
Миң-Бу- лак
34,0
34,0
6
Орток
66,6
51,6
15
7
Он-Арча
12,6
12,6
8
Сары- Ой
10,1
10,0
0,1
9
Чет-Ну- ра
113,5
74,5
39,0
10
Эмгек- Талаа
37,6
14,2
1,5
21,9
Район боюнча жерлер:
440,5
299,8
1,5
8,4
110,7
20,1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр
Н. Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.