Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү» эрежеси
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы №418 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү ЭРЕЖЕСИ
1. Бул ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежеси (мындан ары Эреже) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) бардык кызматкерлерине, анын ичинде Министрликтин аскер кызматчылары болуп эсептелген кызматчыларын кошпогондо, статс-катчы жана министрдин орун басарларына жайылтылат. Форма кийимдерин кийүүгө Министрликтин бардык кызматкерлери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери да укуктуу.
2. Аскер кызматчылары болуп эсептелген Министрликтин кызматчылары аскер кызматчылары үчүн белгиленген Эрежеге ылайык форма кийимдерин кийишет.
3. Форма кийимдери ушул Эрежеге ылайык пайдаланылат, форма кийиминин предметтери анын белгилеген сүрөттөөлөрүнө жооп бериши керек.
4. Ведомстволук форма кийимдери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- күнүмдүк;
- талаалык.
Бул формалардын ар бири сезон боюнча жайкы жана кышкы болуп белүнөт.
5. Күнүмдүк форма кийимдерди аскер кызматчыларын жана Кыргыз Республикасыны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерин кошпогондо кызматтык жана кызматтык эмес убакытта Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук уюмдарынын кызматчылары кийишет.
6. Талаалык форма кийимдерди аскер кызматчыларын кошпогондо, Министрликтин бардык кызматкерлери өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө, команда-штабдык жана талаа окууларында жана атайын милдеттерди аткарууда кийишет.
7. Кийимдин жайкы же кышкы формасына өтүү Министрликтин тиешелүү буйругу менен белгиленет.
8. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өзгөртүлгөн же белгиленбеген үлгүдөгү форма кийиминин предметин тагынууга;
- жарандык кийим менен аскер кийиминин предметтерин аралаштырууга;
- Министрликтин аскер кызматчыларына жана Министрликтин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматчылары болбогон, адамдарга форма кийимдерин кийүүгө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-июнундагы №418 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2009 · № 418 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-июнундагы №418 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2009 · № 418 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы №484 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2009 · № 484