# КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10311/edition/871392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900159

---

КР Президентинин 2018-жылдын 11-майындагы ПЖ № 118 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 25-июлу ПЖ № 134 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Республиканын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамынан А.Э.Усенов, У.Т.Дооталиев, К.С.Акишев чыгарылсын; Омокеев Айбек Талгатбекович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, Сарымсаков Манас Болотович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
