# КР Президентинин 2017-жылдын 22-августундагы ПЖ № 150 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 22-августундагы ПЖ № 150 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10302/edition/865743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 22-августундагы ПЖ № 150 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө" Жарлыгы (22.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900150

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 22-августу ПЖ № 150 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин берген арызына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 жана 20-беренелерине, 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Жээнбеков Сооронбай Шарипович 2017-жылдын 21-августунда берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевичке жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
