КР Президентинин ПЖ № 65 «Г.Ч.Оморова жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2018-жылдын 30-марты ПЖ № 65
Г.Ч.Оморова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч.Оморовага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Оморова Гулчехра Чыракбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон