# КР Президентинин 2018-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2018-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10192/edition/862286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2018-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900040

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2018-жылдын 30-январы ПЖ № 10 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" статусту ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын тарыхый мурастарын сактоого кошкон өзгөчө салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" статус ыйгарылсын жана мындан ары "Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
