# КР Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 284 "Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 284 "Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10159/edition/1034577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 284 "Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы (22.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900007

---

КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ № 179 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 29-ноябры ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясын жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын ордендеринин, медалдарынын жана ардак наамдарына төш белгинин белгиленген техникалык талаптарга ылайык келүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

А.Атамбаев
