# КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10158/edition/861478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (07.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900006

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2017-жылдын 7-октябры ПЖ № 207 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы № 121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 17-апрелиндеги № 142 "Жер жана агрардык реформанын жаңы багыттары жана чаралары жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 25-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-декабрындагы № 468 "Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 96 "Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы № 286 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
