# КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10154/edition/861238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгы (09.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900002

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 9-декабры ПЖ № 292 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 9-декабрындагы № 319 "Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зонасы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 16-февралындагы № 31 "Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишмердигин мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 22-июлундагы № 240 "Коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 23-июлундагы № 284 "Ишкердик субъекттеринин ишине контролдоочу, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент

А. Атамбаев
