# КР Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/900001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10153/edition/1064978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/900001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 "Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" жарлыгы (18.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/900001

---

КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2017-жылдын 9-февралы ПЖ № 26 Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президенти

А.Атамбаев
