Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, «Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу» долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 29-майы №324 "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган,"Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз…Закон · 25.06.2009 · № 190
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон