# 97-статья. Кылмыш жасады деген шектенүү менен кармалган адамды бошотууга негиздер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 220 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202435)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 220 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202435); 13.03.2003 [Закон КР от 13 марта 2003 года №61 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920603..920604>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 97-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-97

---

(1) Эгерде:

1) кылмыш жасады деген шектенүү ырасталбаса;

2) бөгөт коюу чарасы катары кармалган адамды камакка алууга негиз же зарылчылык болбосо;

3) кармоонун мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтсө, кармалган адам соттун чечими боюнча, тергөөчүнүн же прокурордун токтому менен бошотулат.

(2) Эгерде кармалган учурдан тартып кырк сегиз сааттын ичинде адам кармалып турган жердин зардалына кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом түшпөсө, адам камалган жердин зардалы бул туурасында прокурорго жазуу жүзүндө токтоосуз кабарлайт, ошондон кийин адам кармалып турган жердин зардалы кармалган адамды токтоосуз бошотот жана протокол түзөт. (3) Кармалган адам бошотулганда адам кармалып турган жердин зардалы тарабынан ага маалымдама берилет, анда ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негиздери, орду жана убактысы, бошотуунун негиздери жана убактысы көрсөтүлөт. (КР 2003-жылдын 13-мартындагы № 61, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 220 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-98)
