# 94-статья. Кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоонун негиздери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 декабря 2017 года № 198 (3) "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111708)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920654..920655>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 94-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-94

---

(1) Эгерде:

1) Адам кылмыш жасалган мезгилде же ал жасалгандан кийин түздөн-түз колго түшсө;

2) көрүп тургандар, анын ичинде жабырлануучулар ошол адамды кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп турушса;

3) шектүү адамдан же анын кийиминен, анын жанынан же анын жашаган жеринен кылмыштын ачык белгилери табылса, кылмыш жасоодо шектүү болгон адам кармалышы мүмкүн.

(2) Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, анын туруктуу жашаган жери болбогондо, анын инсандыгы аныкталбаганда жана ал тарабынан качууга аракет жасалганда, ал кармалышы мүмкүн. (КР 2017-жылдын 4-декабрындагы N 198 (3) Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 07-июнундагы N 8-р чечими

---

Мурунку берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-93)  
Кийинки берене: [95-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-95)
