# 91-статья. Далилдөө

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920624..920625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 91-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-91

---

(1) Далилдөө ишти мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечүү үчүн мааниси болгон жагдайларды аныктоо максатында далилдерди жыйноодон, текшерүүдөн, баа берүүдөн турат. (2) Далилдерди жыйноо, сурак жүргүзүү, көздөштүрүү, таанытуу үчүн көрсөтүү, алып коюу, тинтүү жана карап чыгуу, эксперимент жүргүзүү, ревизия, экспертиза жүргүзүү, документтерди талап кылуу жана мыйзамда каралган башка тергөө, оперативдүү-издөө жана сот аракеттери аркылуу тергөө жана ишти соттук териштирүү процессинде жүргүзүлөт. (3) Тергөөчү, сот өз кароосунда турган иштер боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак жүргүзүү үчүн же эксперт катары корутунду берүү үчүн ар кандай адамды чакырууга; карап чыгуу, тинтүү жана башка тергөө аракеттерин жүргүзүүгө; уюмдардан, алардын бирикмелеринен, кызмат адамдарынан жана жарандардан, ошондой эле изин суутпай издөө ишин жүргүзүүчү органдардан документтерди жана иш үчүн мааниси бар буюмдарды берүүнү талап кылууга; ыйгарым укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан ревизия жана текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. (4) Жактоочу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон далилдерди келтирүүгө жана маалыматтарды чогултууга, анын ичинде ар түрдүү уюмдардан, алардын бирикмелеринен маалымдамаларды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суроого укуктуу, алар бул документтерди же алардын көчүрмөлөрүн белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү; юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу пайда болгон атайын билимди талап кылган суроолорду түшүндүрүү үчүн өзү актап жаткан адамдын макулдугу менен адистердин, эксперттердин пикирин суроого; адвокаттык ишти жөнгө салуучу мыйзамда аныкталган тартипте ишке тиешеси бар маалыматтарды алуу үчүн жеке детективдердин же жеке детективдик уюмдардын кызматынан пайдаланууга укуктуу. (5) Маалыматтар оозеки, ошондой эле жазуу жүзүндө, ошондой эле далил болуп саналышы мүмкүн болгон буюмдар жана документтер шектүү, айыпкер, жактоочу, айыпкер, соттолуучу, жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү, жарандар, уюмдар жана алардын бирикмелери тарабынан сунуш кылынышы мүмкүн. (6) Айыпкердин, соттолуучунун күнөөсүн далилдөө милдети айыптоочуга жүктөлөт. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-92)
