91-статья. Далилдөө
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
91-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 91-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Далилдөө ишти мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечүү үчүн мааниси болгон жагдайларды аныктоо максатында далилдерди жыйноодон, текшерүүдөн, баа берүүдөн турат. (2) Далилдерди жыйноо, сурак жүргүзүү, көздөштүрүү, таанытуу үчүн көрсөтүү, алып коюу, тинтүү жана карап чыгуу, эксперимент жүргүзүү, ревизия, экспертиза жүргүзүү, документтерди талап кылуу жана мыйзамда каралган башка тергөө, оперативдүү-издөө жана сот аракеттери аркылуу тергөө жана ишти соттук териштирүү процессинде жүргүзүлөт. (3) Тергөөчү, сот өз кароосунда турган иштер боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак жүргүзүү үчүн же эксперт катары корутунду берүү үчүн ар кандай адамды чакырууга; карап чыгуу, тинтүү жана башка тергөө аракеттерин жүргүзүүгө; уюмдардан, алардын бирикмелеринен, кызмат адамдарынан жана жарандардан, ошондой эле изин суутпай издөө ишин жүргүзүүчү органдардан документтерди жана иш үчүн мааниси бар буюмдарды берүүнү талап кылууга; ыйгарым укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан ревизия жана текшерүү жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. (4) Жактоочу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон далилдерди келтирүүгө жана маалыматтарды чогултууга, анын ичинде ар түрдүү уюмдардан, алардын бирикмелеринен маалымдамаларды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суроого укуктуу, алар бул документтерди же алардын көчүрмөлөрүн белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү; юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу пайда болгон атайын билимди талап кылган суроолорду түшүндүрүү үчүн өзү актап жаткан адамдын макулдугу менен адистердин, эксперттердин пикирин суроого; адвокаттык ишти жөнгө салуучу мыйзамда аныкталган тартипте ишке тиешеси бар маалыматтарды алуу үчүн жеке детективдердин же жеке детективдик уюмдардын кызматынан пайдаланууга укуктуу. (5) Маалыматтар оозеки, ошондой эле жазуу жүзүндө, ошондой эле далил болуп саналышы мүмкүн болгон буюмдар жана документтер шектүү, айыпкер, жактоочу, айыпкер, соттолуучу, жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү, жарандар, уюмдар жана алардын бирикмелери тарабынан сунуш кылынышы мүмкүн. (6) Айыпкердин, соттолуучунун күнөөсүн далилдөө милдети айыптоочуга жүктөлөт. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.08.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүргүзүү, документтерди талап кылуу жана мыйзамда каралган башка алынып салынды: тергөө кошулду: тергөө, оперативдүү-издөө жана сот аракеттери аркылуу тергөө жана ишти соттук териштирүү … ичинде ар түрдүү уюмдардан, алардын бирикмелеринен маалымдамаларды, алынып салынды: мүнөздөмөлөрдү кошулду: мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суроого укуктуу, алар бул документтерди же … мүмкүн.
(6) Айыпкердин, соттолуучунун күнөөсүн далилдөө милдети алынып салынды: айыптоочута кошулду: айыптоочуга жүктөлөт.
кошулду: (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-91" title="91-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>