# 89-статья. Башка документтер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2014 года № 127 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205348)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920638..920639>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 89-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-89

---

(1) Эгерде уюмдар, кызмат адамдары баяндаган же күбөлөндүргөн маалыматтар жазык иши үчүн мааниге ээ болсо, мындай документтер далил катары эсептелет. (2) Документтер жазуу жүзүндөгү, оозеки маалыматтарды камтышы мүмкүн. Документтерге ушул Кодексте каралган тартипте алынган, талап кылынган же сунуш кылынган жана иш боюнча далил катары таанылган фото жана кино, үн жана көргөзмө жазуу материалдары да кирет. Жазык ишине кошуу үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден түп нуска документтерди алып коюуга тыюу салынат. Бул учурларда ишке тиркөө үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет. (3) Документтер ишке тиркелет жана иш сакталган бүткүл мөөнөттүн ичинде сакталат. Эгерде алынып жана ишке тиркелген документтер жакын арадагы эсеп-кысап, отчет үчүн жана башка мыйзамдуу максатта пайдалануу үчүн талап кылынса, анда мыйзамдуу ээсине кайтарылышы же иш үчүн зыян келтирбесе, убактылуу пайдаланууга же алардын көчүрмөлөрү берилиши мүмкүн. (4) Ушул Кодекстин 85-статьясында көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон документтер буюм далили болуп саналат. (КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-88)  
Кийинки берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-90)
