# 88-статья. Жазык ишин чечүүдө буюм далилдерине карата колдонулуучу чаралар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2006 года № 232 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202029)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2006 [Закон КР от 29 декабря 2006 года № 232 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202029); 28.06.2001 [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920594..920595>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 88-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-88

---

Ишти токтотуу жөнүндө өкүмдө, аныктамада же токтомдо буюм далилдери жөнүндө чечим камтылууга тийиш, мында:

1) айыпкерге, соттолуучуга таандык болгон кылмыш куралы конфискацияланууга тийиш;

2) колдонууга тыюу салынган заттар берилбейт жана тиешелүү уюмга берилүүгө же жок кылынууга тийиш;

3) эч кандай баалуулугу болбогон жана пайдаланууга жараксыз болгон буюмдар жок кылынат, ал эми тиешелүү адамдар же мекемелер өтүнүч менен кайрылган учурда - аларга берилет.

4) кылмыш жолу менен алынган акчалар жана башка баалуу буюмдар соттун өкүмү, аныктамасы, судьянын токтому боюнча, ал эми иш айыпкердин өлүмүнө же анын акыл-эси ордунда эмес деп табылгандыгына байланыштуу кыскартылганда тергөөчүнүн токтому менен мамлекеттин кирешесине алынат; калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине берилет, ал эми ээси чыкпаган учурда мамлекеттин менчигине өтөт. Бул буюмдардын кимге таандык экендиги туурасында талаш маселе жарандык сот ишинин тартибинде чечилет;

5) паранын же контрабанда предмети болуп эсептелген акчалар жана башка баалуулуктар жазык мыйзамдарына ылайык соттун өкүмү боюнча мамлекеттин кирешесине жүгүртүлгөнгө алынууга тийиш. Эгерде адам өз ыктыяры менен аны пара берүүгө мажбурлап жаткандыгы жөнүндө билдирсе жана өз колу менен пара алуучуну кармоого мүмкүндүк түзсө, паранын предмети соттун чечими боюнча ага кайтарылып берилет;

6) иштеги буюм далили саналган документтер далилдер сакталууга тийиш болгон бүткүл мөөнөткө сакталат же тиешелүү уюмдарга же жарандарга берилет.

(КР 2001-жылдын 28-июнунун № 62, 2006-жылдын 29-декабрындагы № 232 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-89)
