# 86-статья. Буюм далилдерин сактоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 86-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-86

---

(1) Буюм далилдери карап чыгуу протоколдоруна кеңири жазылышы, зарыл учурда көргөзмө тасмага же сүрөткө тартылышы керек. Буюм далилдери тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен кошо ишке тиркелет жана жазык ишинде сакталууга тийиш. (2) Эгерде тигил же бул буюмдар себебине карабастан, жазык иши менен чогуу сакталышы мүмкүн болбосо, анда сүрөткө тартылышы же көргөзмө тасмага түшүрүлүшү, мөөр басылып жана ошол түрүндө тергөөчү, сот көрсөткөн жерге сакталышы керек. (3) Эгерде сактоо үчүн атайын кампаларды же сактоочу жайларды, сактоо боюнча чоң чыгымдарды талап кылган өтө чоң же көлөмдүү, тез бузулуп кетүүчү буюм далилдери процесстик аракеттерди өткөргөндөн кийин анын ээсине кайтарылбай турган болсо, сот аткаруучусунун катышуусу, прокурордун макулдугу менен максатына жараша пайдалануу же сатып өткөрүү үчүн тиешелүү уюмдарга дароо тапшырылат. (4) Ишти бир тергөөчүдөн экинчисине өткөрүүдө, ошого тете ишти прокурорго же сотко жөнөтүүдө же ишти бир соттон экинчи сотко берүүдө буюм далилдери ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралгандан башка учурларда, иш менен бирге жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-87)
