# 84-статья. Эксперттин корутундусу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 84-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-84

---

(1) Эксперттин корутундусу - бул тергөөчү, сот эксперттин алдына койгон суроолор боюнча жазуу жүзүндө чыгарылган тыянак, ал эксперттин илим, техника, искусство, же кол өнөрчүлүк жагынан атайын билимине жана жазык ишинин материалдарын изилдөөгө, заттык далилдерге, үлгүлөргө жана башка объектилерге негизделет. Корутундуда ошондой эле эксперт изилдөө жүргүзүүдө колдонулган усулдар, коюлган суроолорго жооптордун негиздемелери, ошондой эле иш үчүн мааниси болгон жана эксперттин өзүнүн демилгеси менен аныкталган жагдайлар көрсөтүлөт. (2) Ушул Кодекстин 200-статьясында көрсөтүлгөн учурларда экспертиза дайындоо милдеттүү болуп саналат. (3) Эксперттин корутундусу тергөөчү, прокурор же сот үчүн милдеттүү болуп саналбайт, бирок корутунду менен алардын макул эместиги тиешелүү түрдө токтомдо, өкүмдө же аныктамада жүйөлөштүрүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-85)
