# 81-статья. Далилдер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 25.02.2010 [Закон КР от 25 февраля 2010 года № 35 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202924); 24.03.2004 [Закон КР от 24 марта 2004 № 47 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "Об адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1432)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920624..920625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 81-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-81

---

(1) Жазык ишинде ар кандай такталуу маалыматтар далилдер болуп саналат, анын негизинде мыйзамда аныкталган тартипте тергөөчү, прокурор, сот Жазык кодексинде каралган жосундардын болгонун же болбогонун, мындай жосунду шектүү, айыпкер, соттолуучу жасаганын же жасабаганын жана айыпкердин күнөөлүү же күнөөсүз экендигин, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси болгон башка жагдайларды аныктайт. (2) Бул маалыматтар:

1) шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;

2) эксперттин корутундусу;

3) заттык далилдер;

4) тергөө жана сот аракеттеринин протоколдору;

4-1) мыйзамда белгиленген тартипте алынган оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалары менен;

5) башка документтер менен аныкталат.

(3) Ушул Кодекстин талаптарын бузуу жол берилгис болуп саналат, ошол жол менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ боло албайт деп табылат жана иш боюнча чечимдин негизине алынышы, ошондой эле ушул Кодекстин 82-статьясында көрсөтүлгөн ар кандай фактыны жана жагдайды далилдөө үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. (4) Жол берилгис далилдерге төмөнкүлөр кирет:

1) жазыктык жактан жазалануучу жосун жасагандыгы жөнүндө күнөөлөнгөн шектүүнүн жазык ишин тергөөнүн жүрүшүндө жактоочу жокто, анын ичинде жактоочудан баш тартылган учурда берген көрсөтүүлөрү, ошондой эле соттолуучунун жактоочу жокто сотто берген көрсөтүүлөрү;

2) жабырлануучунун, күбөнүн жоромолго, болжолдоого, имиш сөздөргө негизделген көрсөтүүлөрү, ошондой эле өзү маалымат алган булакты көрсөтүп бере албаган күбөнүн көрсөтүүлөрү, эгерде алар тергөөнүн же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө изилденген далилдердин жыйындысы менен ырасталбаса;

2-1) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларация;

3) ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган ар кандай башка далилдер.

(КР 2004-жылдын 24-мартындагы № 47, 2010-жылдын 25-февралындагы № 35, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-80)  
Кийинки берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-82)
