# 80-статья. Жактоочунун, жабырлануучунун өкүлүнүн, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин өкүлдөрүнүн ишке катышуусуна жол бербей турган жагдайлар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 80-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-80

---

(1) Жактоочу, ошондой эле жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин өкүлү төмөндөгү учурларда:

1) эгерде мурда ишке алар судья, прокурор, тергөөчү, сот заседаниесинин катчысы, күбө, эксперт, адис же тилмеч катары катышса;

2) эгерде алар ошол ишти тергөөгө же сотто кароого катышкан же катышып жаткан судья, прокурор, тергөөчү, сот заседаниесинин катчысы менен туугандык мамиледе болсо, же кызыкчылыгы юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө өзү менен келишим түзгөн процесстин катышуучусунун кызыкчылыгына карама-каршы келген адам менен туугандык мамиледе болсо;

3) эгерде алар жашы жетпеген шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун же аракетке жөндөмсүз адамдын мыйзамдуу өкүлү болуп саналгандан, же ал иштеген уюмдун өкүлү катары чыккандан башка учурларда, алар судьялык, прокурорлук, тергөөчүлүк кызматты ээлесе, эгерде алар жарандык доогер деп табылып же жарандык жоопкер катары ишке катышууга тартылса;

4) эгерде алардын кызыкчылыгы өзү актап жаткан шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун же алар өкүлү болгон жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин кызыкчылыгына карама-каршы келген адамга юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда жардам көрсөткөн болсо, жазык ишин кароого катышууга укуксуз.

(2) Жактоочудан, жабырлануучунун, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин өкүлүнөн баш тартуу жөнүндө маселе ушул Кодекстин 77-статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган тартипте чечилет.

---

Мурунку берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-79)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-81)
