# 78-статья. Эксперттен баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 78-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-78

---

(1) Эксперт төмөндөгү учурларда:

1) ушул Кодекстин 70-статьясында көрсөтүлгөн негиздер чыккан учурда. Ишке эксперт катары анын мурдагы катышуусу баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт;

2) эгерде ал тергөөчүгө, прокурорго, судьяга, шектүү, айыпкерге, соттолуучуга, алардын жактоочуларына, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, жабырлануучуга, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө кызматтык же башка жагынан көз каранды болуп келсе же болуп турса;

3) эгерде ал каралып жаткан иш боюнча текшерүү жүргүзсө;

4) эгерде анын билимсиздиги байкалса, ишти кароого катыша албайт.

(2) Эксперттин адамдын өлүгүн сыртынан карап чыгууда соттук медицина жагынан адис жана окуя болгон жерди карап чыгууда адис-криминалист катары ошол ишке катышуусу эксперттен баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. (3) Эксперттен баш тартуу жөнүндөгү маселе ушул Кодекстин 77-статьясынын бешинчи бөлүгүндө каралган тартипте чечилет.

---

Мурунку берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-77)  
Кийинки берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-79)
