# 75-статья. Тергөөчүдөн баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 75-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-75

---

(1) Ушул Кодекстин 70-статьясында каралган негиздер болгондо, ошого тете тергөөчү бул ишке судья катары катышкан учурда ал ишти кароого катыша албайт. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгон учурда, тергөөчү өзүн ишке катышуудан четтетүүгө милдеттүү. Ага ошондой эле шектүү, айыпкер, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, жактоочу, ошондой эле жабырлануучу жана анын өкүлү, жарандык доогер, жарандык жоопкер же алардын өкүлдөрү баш тартуу билдириши мүмкүн. (3) Өз алдынча четтөө жана тергөөчүдөн баш тартуу жөнүндө маселе прокурор тарабынан чечилет. (4) Тергөөчүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жыйырма төрт сааттан кечиктирилбестен прокурорго жөнөтүлөт, ал үч сутканын ичинде бул маселени чечүүгө милдеттүү. (5) Тергөөчүнүн өз алдынча четтөөсү же андан баш тартуу жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин тергөө иши жүргүзүлө берет.

---

Мурунку берене: [74-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-74)  
Кийинки берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-76)
