# 74-статья. Прокурордон баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920624..920625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 74-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-74

---

(1) Прокурор төмөнкү негиздер болгондо иш боюнча өндүрүшкө катыша албайт:

1) эгерде ал, жабыр тартуучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер болуп эсептелсе, ошондой ал бул ишке сот арачы, күбө, эксперт, адис, тилмеч, судья, коргоочу, сот заседаниесинин катчысы, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, соттолуучу, жабыр тартуучу, жарандык доогер же жарандык жоопкер катарында катышкан болсо;

2) эгерде ал жабыр тартуучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин же анын өкүлдөрүнүн тууганы, айыпталуучунун, соттолуучунун же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн тууганы жана судьянын, коргоочунун, тергөөчүнүн, сот заседаниесинин катчысынын тууганы болуп эсептелсе;

3) эгерде прокурордун калыстыгына шек туудурган башка жагдайлар болсо.

(2) Баш тартуу үчүн негиз болгон учурда прокурор ишке катышуудан четтөөгө милдеттүү. Ушул эле негиздер боюнча шектүү, айыпкер, соттолуучу, жактоочу, ошондой эле жабырлануучу жана анын өкүлү, жарандык доогер, жарандык жоопкер же алардын өкүлдөрү прокурорго баш тартуу билдириши мүмкүн. (3) Сотто прокурордон баш тартуу жөнүндөгү маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-73)  
Кийинки берене: [75-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-75)
