# 7-статья. Сот акыйкаттыгынын сот тарабынан гана жүзөгө ашырылышы

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920604..920608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 7-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-7

---

(1) Кыргыз Республикасында жазык иштери боюнча сот акыйкаттыгы сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ушул Кодекс менен каралган учурларда жазык сот өндүрүшү сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат. (2) Соттун өкүмүнөн башка учурларда эч ким, кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылышы, ошондой эле жазыктык жазага тартылышы мүмкүн эмес. (3) Соттун компетенциясы, анын юрисдикциясынын чектери, анын жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жүзөгө ашырышынын тартиби мыйзам тарабынан аныкталат жана ал өзү билип өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Жазык иштерин кароо үчүн өзгөчө же атайын сотторду уюштурууга жол берилбейт. Өзгөчө соттордун, ошондой эле мыйзамсыз түзүлгөн башка соттордун өкүмдөрү жана башка чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга жатпайт. (4) Соттун өзүнө караштуу болбогон жазыктык сот ишин жүзөгө ашырган, өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланган же жазыктык сот жүргүзүүнүн ушул Кодексте каралган принциптерин башкача түрдө бузган өкүмдөрү жана башка чечимдери мыйзамсыз болуп эсептелет. (5) Соттун жазык иши боюнча өкүмү жана башка чечимдери ушул Кодексте каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилиши жана кайра каралышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-8)
