Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Сот акыйкаттыгынын сот тарабынан гана жүзөгө ашырылышы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2009 года № 234
(1) Кыргыз Республикасында жазык иштери боюнча сот акыйкаттыгы сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ушул Кодекс менен каралган учурларда жазык сот өндүрүшү сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат. (2) Соттун өкүмүнөн башка учурларда эч ким, кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылышы, ошондой эле жазыктык жазага тартылышы мүмкүн эмес. (3) Соттун компетенциясы, анын юрисдикциясынын чектери, анын жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жүзөгө ашырышынын тартиби мыйзам тарабынан аныкталат жана ал өзү билип өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Жазык иштерин кароо үчүн өзгөчө же атайын сотторду уюштурууга жол берилбейт. Өзгөчө соттордун, ошондой эле мыйзамсыз түзүлгөн башка соттордун өкүмдөрү жана башка чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга жатпайт. (4) Соттун өзүнө караштуу болбогон жазыктык сот ишин жүзөгө ашырган, өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланган же жазыктык сот жүргүзүүнүн ушул Кодексте каралган принциптерин башкача түрдө бузган өкүмдөрү жана башка чечимдери мыйзамсыз болуп эсептелет. (5) Соттун жазык иши боюнча өкүмү жана башка чечимдери ушул Кодексте каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилиши жана кайра каралышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жазык иштери боюнча сот акыйкаттыгы сот тарабынан гана кошулду: жүзөгө ашырылат. Ушул Кодекс менен каралган учурларда жазык сот өндүрүшү сот арачыларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
(2) Соттун өкүмүнөн башка учурларда эч ким, кылмыш … Соттун жазык иши боюнча өкүмү жана башка чечимдери ушул алынып салынды: Ко-
дексте кошулду: Кодексте каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилиши жана кайра каралышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-7" title="7-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>