# 66-статья. Тилмеч

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 66-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-66

---

(1) Жазык ишине таламдаш болбогон, тил билген, ошондой эле тилмеч үчүн билүү зарыл болгон дүлөй же дудуктун жаңдашуусун түшүнгөн жана шектүү, айыпкер, соттолуучу алардын жактоочулары же жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер же алардын өкүлдөрү, ошондой эле күбөлөр жана процесстин башка катышуучулары иш боюнча сот иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген учурда тергөө жана соттук аракеттерге катышуу үчүн, ошого тете жазылган документтерди которуу үчүн тартылган адам тилмеч болуп саналат. (2) Тилмечти дайындоо жөнүндө тергөөчү жана судья токтом, ал эми сот - аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-67)
