# 65-статья. Адистин укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 65-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-65

---

(1) Адис:

1) өзүн чакыруунун максатын билүүгө;

2) эгерде тиешелүү атайын билимге жана көндүмгө ээ болбосо, иш боюнча сот ишине катышуудан баш тартууга;

3) тергөөчүнүн, соттун уруксаты менен тергөө аракеттеринин катышуучуларына суроо берүүгө;

4) өзү катышып жаткан тергөө аракетинин протоколу менен таанышууга жана протоколго тийиштүү билдирүүсүн жана ага карата пикирлерин киргизүүгө;

5) тергөөчүнүн, соттун аракетине даттанууга;

6) аткарган иши үчүн акы алууга, жазык ишинин жүрүшүндө тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп алууга укуктуу.

(2) Адис:

1) чакырган учурда келүүгө;

2) атайын билимин, көндүмдөрүн жана илимий-техникалык каражаттарды пайдаланып, тергөө аракеттерин жүргүзүүгө жана соттук териштирүүгө катышууга;

3) өзү аткарып жаткан аракеттерге байланыштуу түшүнүк берүүгө;

4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана сот заседаниесинин учурунда тартипти сактоого;

5) иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды жана ишке катышкандыгына байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоого милдеттүү.

(3) Адис жүйөлүү себепсиз өз милдетин аткаруудан баш тартса же четтесе, ушул Кодекстин 120, 121-статьяларында каралган тартипте ага эсептик көрсөткүчтөрдүн беш өлчөмүнө чейин акчалай айып салынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-66)
