# 63-статья. Эксперттин укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 63-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-63

---

(1) Эксперт:

1) иштин экспертиза жүргүзүү затына тиешелүү материалдары менен таанышууга;

2) корутунду чыгаруу үчүн зарыл болгон объектилерди жана салыштырып изилдөө үчүн керектүү үлгүлөрдү алууга;

3) корутунду чыгаруу үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды өзүнө берүүнү же башка эксперттердин катышуусу менен экспертиза жүргүзүүнү талап кылууга;

4) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чегинен чыкса, корутунду чыгаруудан баш тартууга;

5) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышууга жана өзү жүргүзгөн экспертизанын предметине тиешеси бар суроолорду берүүгө;

6) экспертизанын буюмзатына тиешеси бар маселелер боюнча соттук териштирүүгө катышууга укуктуу.

(2) Эксперт:

1) тергөөчүнүн, соттун чакырыгы боюнча келүүгө;

2) өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду чыгарууга;

3) тергөөнүн материалдарын ачыкка чыгарбоого;

4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана сот заседаниесинин учурунда тартипти сактоого милдеттүү.

(3) Эксперт жүйөлүү себепсиз келбей койгон учурда, ага ушул Кодекстин 121, 122-статьяларында каралган тартипте эсептик көрсөткүчтөрдүн беш өлчөмүндө акчалай айып салынышы мүмкүн. (4) Эксперт жүйөлүү себепсиз өз милдетин аткаруудан баш тарткан же четтеген учурда, ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-статьясы боюнча, ал эми билип туруп жалган корутунду чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-статьясы боюнча жоопкерчилик тартат. (5) Эксперт:

1) экспертиза жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча процесстин катышуучулары менен сүйлөшүү жүргүзүүгө;

2) изилдөө жүргүзүү үчүн өз алдынча материалдарды жыйноого;

3) эгерде тергөөчүнүн, соттун атайын уруксаты болбосо, сунуш кылынган объектилерди толук же жарым-жартылай жок кылышы, же алардын тышкы түрүн же негизги касиеттерин өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-64)
