# 62-статья. Эксперт

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 62-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-62

---

(1) Илим, техника, искусство, кол өнөрчүлүк жагынан атайын билимин пайдалануу менен тергөө же соттук териштирүү жүргүзүүдө пайда болгон маселелерди чечүү жана ушул негизде көрсөтмө берүү үчүн тергөөчү, сот же алардын талабы боюнча эксперттик уюмдун жетекчиси дайындаган, бирок жазык ишине таламдаш болбогон адам эксперт болуп саналат. Эксперт процесстин катышуучулары сунуш кылган адамдардын ичинен дайындалышы жана тараптар жагынан чакырылышы мүмкүн. (2) Эксперттин коюлган маселелер боюнча корутунду чыгаруу үчүн илим, техника, искусство, кол өнөрчүлүк жагынан жетиштүү өлчөмдө атайын билимге ээ болууга тийиш. (3) Укук маселелери боюнча эксперт катары жазык иши боюнча сот ишине дайындалышы же башкача бир түрдө тартылышы мүмкүн эмес. (4) Зарыл болгон учурда иш боюнча бир нече эксперт дайындалышы мүмкүн. (5) Эксперт чакыруу, экспертиза дайындоо жана жүргүзүү ушул главада каралган тартипте ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-61)  
Кийинки берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-63)
