# 61-статья. Күбөнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920576..920577>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 61-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-61

---

(1) Күбө:

1) эне тилинде же өзү билген башка тилде көрсөтүү берүүгө, тилмечтин кызматынан пайдаланууга;

2) өзүнүн сурагына катышкан тилмечтен баш тартууга;

3) өз көрсөтүүлөрүн өз колу менен жазып берүүгө;

4) сурактын протоколу менен таанышууга, ага толуктоо жана өзгөртүү киргизүүгө;

5) көрсөтүү берүү учурунда кол менен жазылган жазуулардан жана документтерден пайдаланууга;

6) алгачкы текшерүү органдарынын кызматкеринин, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун аракеттерине даттанууга;

7) жазык иши боюнча соттук кароодо тарткан чыгымдарынын жана жазык процессин жүргүзгөн органдын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын ордун толтурууга;

8) жазык процессин жүргүзүп жаткан орган заттык далил катары же башка негиздер менен алып койгон мүлкүн, өзүнө таандык болгон расмий документтердин түп нускаларын кайтарып алууга;

9) суракта коргоочусу болууга укуктуу.

(2) Күбө:

1) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) иш боюнча өзүнө белгилүү болгондордун бардыгын туура айтып берүүгө жана коюлган суроолорго жооп кайтарууга;

3) иш боюнча өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар туурасында маалыматтарды суракка алып жаткан адамдын уруксатысыз ачыкка чыгарбоого милдеттүү.

(3) Күбө жүйөлүү себепсиз келбей калса, ал мажбурлап алынып келиши жана ушул Кодекстин 120, 121-статьяларында каралган тартипте сот тарабынан эсептик көрсөткүчтөрдүн эки өлчөмүндө акчалай айып тарттырылышы мүмкүн. (4) Билип туруп жалган көрсөтүү бергендиги, көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги үчүн күбө Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 330, 331-статьялары боюнча жоопкерчилик тартат. (КР 2001-жылдын 28-июнундагы № 62 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-62)
