# 60-статья. Күбө

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203705)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.07.2012 [Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203705); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203192)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920621..920622>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 60-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-60

---

(1) Жазык иши боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтүү берүү үчүн чакырылган адам күбө деп табылат. (2) Күбө ишке айыптоочу, жактоочу, жабырлануучунун, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин таламын талашуучу катары катыша албайт. (3) Жабырлануучунун, айыпкердин, соттолуучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ишке катышуусу бул адамдарды күбө катары суракка алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. (4) Төмөндөгүлөр:

1) жазык иши боюнча сот ишине катышууга байланыштуу өзүнө белгилүү болуп калган жазык ишинин жагдайлары жөнүндө судья;

2) сот арачысы - ошол жазык иши боюнча өндүрүшкө катышкандыгына байланыштуу ага белгилүү болуп калган жазык ишинин жагдайлары жөнүндө;

3) жазык иши боюнча өз милдеттерин аткарууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө жактоочу, ошого тете жабырлануучунун, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин өкүлү;

3-1) Координациялык кеңештин мүчөсү жана кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкери - тиешелүү мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна байланыштуу ага маалым болгон жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө;

4) юридикалык жагдай үчүн кайрылууга же андай жардамды көрсөтүүгө байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө адвокат, адвокаттын жардамчысы;

5) психикасындагы же дене түзүлүшүндөгү кемчиликтеринен улам иш үчүн мааниси бар жагдайды туура кабыл алууга жана ал туурасында көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз болгон адам;

6) бирөөнүн сыр ачуусунун негизинде өзүнө белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө дин кызматындагы адам;

7) шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жакын туугандары күбө катары суракка алынышы мүмкүн эмес.

(5) Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн алтынчы пунктунда аталган адамдар көрсөтүү бергиси келсе, анда алар ушул Кодекстин эрежелери боюнча суракка алынат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 05-июлундагы чечими

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-59)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-61)
