# 6-статья. Сот ишинин жүрүшүндөгү мыйзамдуулук

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 6-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-6

---

(1) Тергөөчү, прокурор, сот, жазыктык сот ишине катышкан башка органдар жана жактар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кабыл алынган башка мыйзамдардын жоболорун, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык келген башка ченемдик укуктук актыларды бекем сактоого милдеттүү. (2) Мыйзамда белгиленген негиздерден жана тартиптерден башка учурларда, эч ким шектүү жана айыпкер катарында тартылышы, кармалышы, камакка, тинтүүгө алынышы, айдалып келиши жана процесстик мажбурлоонун ар кандай башка чараларына тартылышы, ошондой эле соттолушу, жазаланышы жана анын укуктарына жана эркиндиктерине башка чектөөлөр коюлушу мүмкүн эмес. (3) Сот акыйкаттыгын жүзөгө ашырууда Жазык-процесстик мыйзамын бузуу менен алынган далилдерди пайдаланууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-7)
