# 56-статья. Жарандык жоопкердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 56-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-56

---

(1) Жарандык жоопкер:

1) айыптоонун жана жарандык доонун маңызын билүүгө;

2) доого каршылык билдирүүгө;

3) жазык процессин жүргүзүп жаткан органдан өзүнүн укуктарын жана таламдарына тиешеси бар чечимдерди кабыл алуу туурасында сурап-билүүгө, ал эми өзүнүн өтүнүчү боюнча - бул чечимдердин көчүрмөлөрүн, айыпкер катары тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле соттук чечимдердин көчүрмөсүн да алууга;

4) коюлган доонун маңызы боюнча түшүнүк, көрсөтүү берүүгө;

5) өзүнүн өкүлүнө ээ болууга;

6) далилдерди келтирүүгө;

7) өтүнүч жана баш тартуу билдирүүгө;

8) тергөө бүткөндөн кийин жарандык доого тиешеси бар иштин материалдары менен таанышууга жана зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;

9) сотко катышууга;

10) тараптардын талаш-тартыштарында чыгып сүйлөөгө, жарыш сөзгө чыгууга, алгачкы текшерүү органдарынын кызматкеринин аракетине, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;

11) сот заседаниесинин протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирин билдирүүгө;

12) соттун чечимдеринин жарандык доого тиешелүү бөлүгүнө даттанууга;

13) иш боюнча түшкөн өтүнүчтөр жана даттануулар жөнүндө билүүгө жана ага каршылык билдирүүгө;

14) даттанууларды жана өтүнүчтөрдү сотто кароого катышууга укуктуу.

(2) Жарандык жоопкер:

1) жазык процессин жүргүзгөн органдын чакыруусу боюнча келүүгө;

2) өзүндөгү буюмдарды, документтерди, ошондой эле жазык процессин жүргүзүп жаткан органдын талабы боюнча салыштырып изилдөө жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү берүүгө;

3) тергөөчүнүн, соттун буйругуна баш ийүүгө милдеттүү.

(3) Жарандык жоопкер күбө катары чакырылышы мүмкүн. (4) Жарандык жоопкер ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ жана башка да милдеттерди аткарат. (5) Жарандык жоопкер жеке өзү же өкүлү аркылуу өзүнө таандык укуктардан пайдаланат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарат.

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-55)  
Кийинки берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-57)
