# 54-статья. Жабырлануучунун, жарандык доогердин өкүлдөрү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 54-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-54

---

(1) Жазык ишин жүргүзүүдө жабырлануучунун, жарандык доогердин мыйзамдуу таламдарын билдирүүгө мыйзамдын күчү менен укук берилген адвокаттар, жакын туугандары жана башка адамдар жабырлануучунун, жарандык доогердин өкүлдөрү деп табылат. (2) Жашы жетпеген же өзүнүн дене-боюнун же психикасынын абалы боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өз алдынча коргой албаган жабырлануучунун, жарандык доогердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү ишке катышууга милдеттүү түрдө тартылат. (3) Мыйзамдуу өкүлдөр жана жабырлануучунун, жарандык доогердин өкүлдөрү жабырлануучунун жана жарандык доогердин өздөрүндөй эле процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ. (4) Жабырлануучунун, жарандык доогердин ишке жеке катышуусу, аларды бул иш боюнча өзүнүн өкүлүнө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-55)
