# 53-статья. Жарандык доогердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 53-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-53

---

(1) Жарандык доогер:

1) жарандык доону колдоого;

2) далил келтирүүгө;

3) коюлган доо боюнча түшүндүрмө берүүгө;

4) өтүнүч жана баш тартуу билдирүүгө;

5) көрсөтүүнү өз эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;

6) тилмечтин кызматынан пайдаланууга;

7) өзүнүн өкүлүнө ээ болууга;

8) өз өтүнүчү же өз өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлгөн тергөө аракеттерине катышууга;

9) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга;

10) тергөө аяктагандан кийин жарандык доого тиешелүү болгон иштин материалдары менен таанышууга жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;

11) өз таламдарын коргогон, кабыл алынган чечимдер жөнүндө билүүгө жана коюлган жарандык доого тиешеси бар процесстик чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга;

12) сотко катышууга;

13) тараптардын талаш-тартыштарында чыгып сүйлөөгө;

14) сот заседаниесинин протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин айтууга;

15) алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;

16) соттун жарандык доого тиешелүү болгон чечимдерине даттанууга;

17) иш боюнча түшкөн даттануулар жана өтүнүчтөр жөнүндө билүүгө жана аларга каршылык билдирүүгө;

18) түшкөн даттанууларды жана өтүнүчтөрдү соттук кароого катышууга, алгачкы текшерүү, тергөө жана өзү койгон доону камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө сот органынан өтүнүүгө;

19) жазык иши боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин ар кандай учурунда доодон баш тартууга укуктуу.

(2) Жарандык доогер:

1) тергөөчүнүн жана соттун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) жарандык жоопкерлердин санына жараша доо арыздарынын көчүрмөлөрүн сотко берүүгө;

3) жазык процессин жүргүзүп жаткан органдын талабы боюнча өзүндөгү буюмдарды, документтерди, ошондой эле салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү берүүгө;

4) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун буйругуна баш ийүүгө милдеттүү.

(3) Жарандык доогер күбө катары чакырылышы мүмкүн. (4) Жарандык доогер ошондой эле башка укуктарга да ээ жана ушул Кодексте каралган башка милдеттерди да аткарат. (5) Жарандык доогер өзүнө таандык болгон укуктардан пайдаланат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жеке өзү же өкүлү аркылуу аткарат. Жашы жетпеген же аракетке жөндөмсүз жарандык доогердин укуктарын ушул Кодексте каралган тартипте анын мыйзамдуу өкүлү ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-52)  
Кийинки берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-54)
