# 50-статья. Жабырлануучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 50-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-50

---

(1) Жабырлануучу:

1) айыпкерге коюлган күнөөнүн маңызын билүүгө;

2) көрсөтүү берүүгө;

3) далил келтирүүгө;

4) өтүнүч жана баш тартуу билдирүүгө;

5) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтүү берүүгө;

6) тилмечтин кызматынан пайдаланууга;

7) өзүнүн өкүлүнө ээ болууга;

8) өзүнүн өтүнүчү боюнча же өз өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;

9) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана аларга карата пикирин билдирүүгө;

10) тергөө бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;

11) жазык ишин козгоо, жабырлануучу деп табуу же андан баш тартуу, жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрүн, айыпкер катары ишине тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле соттун чечимдеринин көчүрмөсүн алууга;

12) сотко катышууга;

13) соттогу талаш-тартыштарда чыгып сүйлөөгө, айыптоону колдоого;

14) сот заседаниесинин протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин билдирүүгө;

15) алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга;

16) соттун чечимдерине даттанууга;

17) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштар жөнүндө билүүгө жана аларга каршылык билдирүүгө;

18) даттануулар менен өтүнүчтөрдү сотто кароого катышууга;

19) ушул Кодексте жол берилген учурларда айыпкер менен жарашууга;

20) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуруп алууга;

21) заттык далил катары же башка негиздер боюнча жазык процессин жүргүзүп жаткан орган кылмыш жасаган адамдан алып койгон мүлкүн, өзүнө таандык болгон расмий документтердин түп нускасын кайта алууга;

22) соттолгон адамдан кылмыштын айынан келтирилген моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

(2) Жабырлануучу:

1) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) көрсөтүү берүүгө, иш боюнча өзүнө белгилүү болгон бардык маалыматтарды туура айтып берүүгө;

3) өзүндөгү буюмдарды, документтерди, салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү берүүгө;

4) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талабы боюнча күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;

5) иш боюнча өзүнө белгилүү жагдайлар туурасында маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;

6) тергөөчүнүн, прокурордун, соттун буйругуна баш ийүүгө;

7) сот заседаниесинде тартипти сактоого милдеттүү.

(3) Чакырган учурда жабырлануучу жүйөлүү себепсиз келбесе, ушул Кодекстин 120, 121-статьяларында каралган тартипте мажбурлоо жолу менен келтирилиши жана эсептик көрсөткүчтөрдүн эки өлчөмүнө чейин акчалай айып тартышы мүмкүн. (4) Көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жабырлануучу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330, 331-статьялары боюнча жоопкерчилик тартат. (5) Кылмыштардын кесепетинен жабырлануучу өлүмгө учураган иштер боюнча ушул статьяда каралган укуктарды анын жакын туугандары жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-51)
