# 45-статья. Жактоочуну чакыруу, дайындоо, алмаштыруу, анын эмгегине акы төлөп берүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2009 года № 231 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203189)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920604..920608>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 45-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-45

---

(1) Жактоочу шектүү, айыпкер, соттолуучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан, ошондой эле шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, күбөнүн тапшыруусу же макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан чакырылат. (2) Жазык иш боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусуна шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун укугу тергөөчү, сот тарабынан камсыз кылынат. (3) Мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жактоочу тарабынан камсыз кылынат. Мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттын эмгегине акы төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. (4) Тандалган же дайындалган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тергөөчү, сот шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга, күбөгө башка жактоочуну чакырууну сунуш кылууга же дайындоого укуктуу. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-46)
