# 441-статья. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткарууга байланыштуу маселелердин сот тарабынан чечилишинин тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 49-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 441-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-441

---

(1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушу ушул Кодекс тарабынан өкүмдү аткарууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте жана мөөнөттө соттолгон адамдын катышуусусуз сот заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралат. (2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө токтомунда:

1) чет мамлекеттин сотунун аталышы, өкүм чыгарылган убакыт жана орун;

2) соттолгон адамдын Кыргыз Республикасында акыркы жашаган жери, соттолгонго чейин иштеген орду жана ишинин түрү жөнүндө маалыматтар;

3) жасалгандыгына жаран күнөөлүү деп табылган кылмыштын квалификациясы жана ал кайсыл жазык мыйзамынын негизинде соттолгондугу;

4) соттолгон адам жасаган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамы;

5) жазанын (негизги жана кошумча) түрү жана мөөнөтү, соттолгон адам Кыргыз Республикасында өтөөгө тийиш болгон жазанын башталуу жана аяктоо мөөнөтү, абактын түрү, доо боюнча зыяндын ордун толтуруунун тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.

(3) Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча мындай кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуунун эң узак мөөнөтү өкүм боюнча дайындалгандан аз болсо, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мындай жосунду жасагандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган эркиндигинен ажыратуунун эң узак мөөнөтүн аныктайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жаза катары эркиндигинен ажыратуу каралбаса, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары тарабынан белгиленген жана чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча дайындалганга кыйла ылайык келе турган жаза аныктайт. Эгерде чет мамлекеттин сотунун өкүмү эки же бир нече жосунга таандык болсо, алардын ичинен бардыгы эле Кыргыз Республикасында кылмыштар болуп саналбаса, анда сот чет мамлекеттин өкүмү боюнча дайындалган жазанын кайсы бөлүгү кылмыш болуп саналган жосунга карата колдонула тургандыгын аныктайт. (4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана аткарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилет. (5) Кыргыз Республикасында жаза өтөп жаткан адамга карата чет мамлекеттин сотунун өкүмү жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн, же болбосо чет мамлекетте чыгарылган мунапыс же кечирим берүү актысы колдонулган учурда кайра каралган өкүмдү аткаруунун, ошондой эле мунапыс же кечирим берүүнү колдонуунун маселелери ушул статьянын эрежелери боюнча чечилет. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

---

Мурунку берене: [440-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-440-1)
