# 440-1-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранын жаза өтөө үчүн өткөрүп берүүдөн баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 49-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-440-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 440-1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-440-1

---

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранын өткөрүп берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүүсү мүмкүн болсо;

2) эгерде соттолгон адам айыкпас же өзгөчө оор дарт менен жапа чексе;

3) эгерде соттолгон адамда жоюлбаган жарандык доо болсо;

4) эгерде жаза эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнүн айынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы мүмкүн болбосо;

5) эгерде ал Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну үчүн жазаланса же акталса, же иш токтотулса, ошого тете адам Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазадан бошотулса.

КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [440-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-440)  
Кийинки берене: [441-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-441)
