440-1-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранын жаза өтөө үчүн өткөрүп берүүдөн баш тартуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 49-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранын өткөрүп берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүүсү мүмкүн болсо;
2) эгерде соттолгон адам айыкпас же өзгөчө оор дарт менен жапа чексе;
3) эгерде соттолгон адамда жоюлбаган жарандык доо болсо;
4) эгерде жаза эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнүн айынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы мүмкүн болбосо;
5) эгерде ал Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну үчүн жазаланса же акталса, же иш токтотулса, ошого тете адам Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазадан бошотулса.
КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
440-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-440-1" title="440-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>