# 44-статья. Жактоочу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205231)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.01.2014 [Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205231); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714); 13.03.2003 [Закон КР от 13 марта 2003 года №61 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920632..920633>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 44-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-44

---

(1) Жактоочу - жазык иши боюнча шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, күбөнүн укуктарын жана таламдарын коргоочу жана аларга юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. (2) Адвокаттар тергөөгө жактоочу катары катышат. Соттолуучунун жакын туугандарына, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине да сотто жактоочу катары катышууга жол берилиши мүмкүн. (3) Жактоочу ишке шектүү (айыпкер), күбө биринчи суракка алынган учурдан же шектүү (айыпкер) иш жүзүндө кармалган учурдан", ал эми сотко чейинки тездетилген өндүрүш иши боюнча - сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө кылмыш жасаган адам жазуу жүзүндө макулдук берген учурдан тартып катышат. (4) Эгерде шектүү же айыпкер тандап алган жактоочу алар иш жүзүндө кармалган же камакка алынган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде келе албаса, тергөөчү шектүүгө же айыпкерге башка жактоочуну чакырууну сунуш кылууга укуктуу, же адвокаттардын кесиптик уюму аркылуу жактоочу дайындоого карата чара көрөт. (5) Эгерде шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, күбөнүн биринин кызыкчылыктары экинчисинин кызыкчылыктарына каршы келсе, бир эле адам алардын экөөнүн тең жактоочусу боло албайт. (КР 2003-жылдын 13-мартындагы № 61, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2014-жылдын 15-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-45)
